Жаңылыктар
Тажик тарап ушул кезге чейин коюлган контейнерин алышы керек,- коомдук ишмер Максатбек Дыйканов.
Чек ара
Тажик тарап ушул кезге чейин коюлган контейнерин алышы керек,- коомдук ишмер Максатбек Дыйканов.

Тажик тарап кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишимин бузду.

Андан сырткары чек аранын такталбаган аймактарына эч кандай курулуш иштерин жана кандайдыр бир объектилерди орнотпоо боюнча атайын протоколду да эске алган жок. Бул тууралуу баса белгилеген эксперттер кандай болгон күндө дагы тажик тарап ушул кезге чейин коюлган контейнерин алышы керек деген пикирин билдирүүдө.

“Мен түшүнгөн жокмун буларды. Мурда ыйык рамазан айында жаман иштерге барышса, эми жума күнгө караган күнү ушундай кылып жатат. Кандай болсо да контейнерди алдыртыш керек”,- деди коомдук ишмер Максатбек Дыйканов.