Жаңылыктар
Тажик тараптын көздөп жаткан максаты – жолдорго ээлик кылуу, - саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов
Чек ара
Тажик тараптын көздөп жаткан максаты – жолдорго ээлик кылуу, -  саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы "Унжу-Булак" мамлекеттик чек ара тилкесинде катталган окуя тажик тараптын ачыктан-ачык чагымчыл аракети. Мындай пикирин биздин каналга саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов билдирди. 

Анын айтымында, делимитация жана демаркация процесстери жыйынтыкталганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы такталбаган тилкелерде кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салган макулдашуу бар. Коңшу мамлекет буга чейин жетишилген сүйлөшүүлөрдүн бардыгын бузду. “Алардын көздөп жаткан максаты – жолдорго ээлик кылуу”, - дейт Шерадил Бактыгулов.

“Биринчи жолу Чоң-Алайда болгон. Бүгүн түнкү саат 3тө кайра тынч эмес абал байкалып, буга чейин кол коюлган келишимдерди бузуп коюшту. Тажик тараптын чек арачылары өз каалоосу менен кирмек эмес. Бул андан өйдө жактагылардын буйругу болгондуктан, мындай абал болуп жатат",- деген пикирин билдирди саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов.