Жаңылыктар
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагында абал салыштырмалуу туруктуу
Чек ара
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагында абал салыштырмалуу туруктуу

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, тиешелүү кызмат адамдары жеринде абалды жөнгө салуу боюнча иш алып барууда. Эскерте кетсек, Тажикстандын аскер кызматкерлери 4-июнда таңкы саат үчтө Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын так жазылбаган тилкесине мыйзамсыз контейнерин орноткон. 

Буга чейин Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей жатканы айтылган. Учурда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик бөлүгүндө жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.