Жаңылыктар
Көчмөндөр Оюндары: 80ге чукул чет өлкөлүк өкүлдөр аккредитациядан өтүштү
Спорт
Көчмөндөр Оюндары:  80ге чукул чет өлкөлүк өкүлдөр аккредитациядан өтүштү

2-Дүйнөлүк  Көчмөн Оюндарын чагылдырууга 17  өлкөдөн  80ге чукул чет өлкөлүк өкүлдөр  аккредитациядан өтүштү. Ал эми 50дөй жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн арыздар түштү. Жалпы массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо 10- августка чейин уланат. Каттоодон өттүүнү каалаган чет элдик жана жергиликтүү журналисттер, Тышкы иштер министрлигинин расмий сайты же  Дүйнөлүк көчмөн оюндарынын сайты аркылуу электрондук анкетаны толтуруусу зарыл. 

Ысык-Көлдө3-8-сентябрга чейин өтө турган экинчи Дүйнөлүк Көчмөн Оюндарынын спорттук жана маданий иш-чараларын чагылдырууга   чет өлкөлүк жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоо өнөктүгү 15-июлда эле башталган.  Бүгүнкү күнгө алынган маалыматтарга таянсак 17 өлкөнүн журналисттери Тышкы иштер министрлигинен аккредетациялоодон өттү дейт аталган ведомствонун маалымат катчысы Айыма Кулукеева.

Чет мамлекеттен келген журналисттерди аэпорттон тосуп алуу жана Чолпон-Ата шаарына жеткирүү милдети Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын секретариатына жүктөлгөн.Ошондой эле Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий иш чараларда коштоп жүрүү милдеттендирилген. Учурда массалык маалымат каражаттары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тынымсыз  чагылдыруу  үчүн баардык техникалык жабдуулар жана интернет вай-фай менен ортотулуп жатат дейт Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын PR менеджери Нурия Ташболотова.

1-августан тарта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарнамалаган ролик чет элдик белгилүүЕвроньюс жана башка эл аралык каналдардан көрсөтүлүп жатат. 

Кошумчалай кетсек чет өлкөлүк жана жергиликтүү катоодон өткөн журналистерге аккредитациялык карталар (бейдж) 20-25-августка чейин берилет. Аталган карта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы  массалык иш чараларды чагылдырууга  укук берет.