Жаңылыктар
Чек арада абал туруктуу
Чек ара
Чек арада абал туруктуу

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак жергесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, түн тынч өтүп, эч кандай жаңжал катталган жок. 

«Абалды жөнгө салуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.