Жаңылыктар
Баткен жана Согди облустарынын башчылары чек арадагы коопсуздукту камсыздоо боюнча сүйлөштү
Чек ара
Баткен жана Согди облустарынын башчылары чек арадагы коопсуздукту камсыздоо боюнча сүйлөштү

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Эки өлкөнүн облус башчылары Баткен жана Согди облустарынын чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, буга чейин эки тараптын макулдашуусу менен түзүлгөн милициянын жана чек арачылардын биргелешкен постун жана жөө патрулдун ишин күчөтүү, элди дүрбөлөңгө түшүрбөө үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана эки тарап тең чек арага аскердик күчтөрүн алып кирбөө, жайгаштырбоо боюнча макулдашты. 

Облус башчыларынын тапшырмасы менен чектеш жайгашкан Баткен-Исфара, Лейлек-Гафуров райондорунун акимдери жолугушту. Жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү менен биргеликте чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барышууда. Учурда Баткен облусунун Тажикстан менен чек ара аймактарында абал тынч, күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, абалды көзөмөлгө алууда.