Жаңылыктар
Коопсуздук кеңеши: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу
Чек ара
Коопсуздук кеңеши: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жаралган абалга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул багытта тартылган күч органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялап жатат. 

Чек арадагы кырдаал көзөмөлдө, тартылган мамлекеттик органдар абалды күнү-түнү байкап турушат. Окуя боюнча жарандардан келип жаткан көптөгөн кайрылууларга байланыштуу, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы учурда тынчсызданууга негиз жок экендигин баса белгилейт.Түзүлгөн кырдаалды бир гана тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча иш-аракеттер улантылууда.