Жаңылыктар
Кыргызстан 1-0 эсебинде Монголияга жеңилип калды
Спорт
Кыргызстан 1-0 эсебинде Монголияга жеңилип калды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 1-0 эсебинде жеңилип калды. Беттеш бүгүн, 7-июнь күнү Япониянын Осака шаарында өткөрүлдү.

Оюндагы жалгыз голду монголиялык  футболчу Мижиддорж Оюнбаатар киргизди.

Белгилей кетсек, кыргыз футболчулары оюнга толук курамда чыккан жок. Оюнга чейин 3 саат калганда оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Кутман Кадырбеков,Эржан Токатаев жана Валерий Кашуба коронавирус илдетине шектүү болуп беттешке чыга алган эмес.

Курама команданын кийинки оюну 11-июнь күнү өткөрүлөт. Анда кыргыз футболчулары Мьянмага каршы ойнойт.