Жаңылыктар
Бишкек шаарынын борбордук аянты жаңыланып жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын борбордук аянты жаңыланып жатат

Бишкек шаарынын борбордук аянтын оңдоп-түзөө иштери эгемендүүлүк күнүнө чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу калаанын “Тазалык” муниципалдык ишканасынан билдиришти. Учурда аянтка төшөлгөн брусчаткалары алмаштырылып, суу түтүктөрү өткөрүлүп, фонтандар ирээтке келтирилүүдө. 

Кыргызстанда алдыдагы айларда жогорку деңгээлдеги, маанилүү бир катар иш чаралар өткөнү турат. Алардын негизгилери өлкө эгемендигинин 25 жылдыгы, бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана күздө өтчү КМШ мамлекеттеринин өлкө башчыларынын саммити. Мына ушуларга карата өлкө аймагы боюнча даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Анын алкагында Бишкектин башкы аянтында да оңдоп-түзөө, жаңылануу иштери жүрүп жатат. 

Борбордук аянт оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылганына 5 күн болду. Бул жерде азыр “Тазалык”, “Жашылдандыруу” муниципалдык кызматтары, Бишкексууканал жана Бишкекасфалтсервис иштеп жатат. Бишкек асфалтсервис жер алдынан өтүүчү суу түтүктөрүнүн үстүн бүтөп, аянттын Киев көчөсү жагына унаа токтотуучу орундуктарды даярдоодо. 

Буга катар аянттын түндүк тарабында - тарых музейинин алдын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Бирок бул курулуш жумуш көлөмүнүн көптүгүнө байланыштуу быйыл соңуна чыкпайт. Аянтты толугу менен ишке берүү 2017-жылга пландалууда.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118