Британиянын ханзаадасы Гарри менен Меган Маркл кыздуу болду. Бул туурасында жубайлардын билдирүүсүнө таянуу менен РИА "Новости" жазды.
Кызынын атын Лилибет Диана Маунтбеттен-Виндзор деп аташкан. Бул Гарри менен Мегандын экинчи перзенти, эки жыл мурда Арчи аттуу уулдуу болушкан. "Лили 4-июнь күнү саат 11:40та Калифорния штатынын Санта-Барбара шаарында жарык дүйнөгө келди", — деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле түгөйлөр наристенин ысымын Гарринин чоң энеси, Елизавета II канышанын урматына коюшканын айткан. Ал эми ымыркайга экинчи ысымды - анын маркум чоң энеси Дианага сый-урмат көрсөтүү үчүн ыйгарышкан.