Жаңылыктар
Александр Крестинин Кыргызстан - Монголия беттешинин жыйынтыгы тууралуу
Спорт
Александр Крестинин Кыргызстан - Монголия беттешинин жыйынтыгы тууралуу

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүнкү Кыргызстан - Монголия беттешинен кийин суроолорго жооп берди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. 

Монголия менен болгон оюндун жыйынтыгы тууралуу:

Монголия курамасынын жеңиш менен куттуктайм! Топко биз көбүрөөк ээлик калдык, дээрлик бардык оюнда чабуулда жүрдүк, бирок айып аянтында керектүүдөй агрессия көрсөтө алган жокпуз, жыйынтыгында жеңилдик.

Коронивирус инфекциясы менен байланышкан жагдай тууралуу:

Бардык команданын тең тестти терс  жыйынтык көргөздү. Бул жагдай кабыл алган тарапка көп суроолорду жаратып жатат. Жыйынтыгында үч дарбазачы жана эки талаа оюнчу оюнга катышуудан четтетилди.

Жапония өкмөтүнүн  вирусту алдын алуудагы саясаты боюнча Кыргызстан курама командасынын коронавирус тестинин терс жыйынтыгына карабастан жуктуруу күмөнү саналган машыктыруучу штаб, администрация жана 2 оюнчу - Бекжан Сагынбаев, Аваз Откеев, 3 дарбазачы - Эржан Токатаев, Кадырбеков Кутман, Кашуба Валерий оюндан четтетилген.

Эске сала кетсек, курама Осакага келгенден кийин инфекция жугузуу күмөнүнөн улам команда бир практикалык жана бир нече теориялык машыктырууларын өткөрүп жиберген, ал оюнчунун бүгүнкү тести терс жыйынтык көргөзгөн. 

Курама команда техникалык жеңилүүнү алдын алуу үчүн дарбазачысы жок ойногоо мажбур болгон, дарбазачынын ордунда коргоочу Айзар Акматов оюн жүргүздү. Ал эми оюндарды кабыл алып жаткан уюштуруучу тарап, оюндан четтетилген оюнчуулар тууралуу команданы эки саат калганда гана кабарлаган.