Жаңылыктар
Тамчылатып сугаруу - мол түшүм алуунун ыкмасы
Айыл чарба
Тамчылатып сугаруу - мол түшүм алуунун ыкмасы

Тамчылатып сугарууну өздөштүрүү жана бир жылда эки ирет түшүм алуу тууралуу семинарды Чүй облусунда өсүмдүктүн түрлөрүн айдаган кытайлык ишкер өткөрдү. Ошондой эле, ал бир жылда 2 жолу түшүм алуунун жолдорун көрсөтүп, ага ылайыктуу жаңы өсүмдүк сортторун көргөздү.

Кытайлык адис жергиликтүү дыйкандар менен бийлик өкүлдөрүнө мол түшүм алуунун сырларын бөлүштү. Ал мекенинен келген өсүмдүк түрлөрүнүн сапаты жана тамчылатып сугаруунун өзгөчөлүгү тууралуу маалымат берди. 

Таалай Насыркулов айылдашы менен бирге жер иштетүүдөгү жаңыланууларды көрөйүн деп келген. Дыйкандар сугат сууну аз сарптоо менен кошо жылына эки жолу түшүм жыйноонун жолдору аркылуу жакындап тааныша алды. Союз убагынан бери калыптанып калган сугат суу системасына көнгөн элеттиктер, алдыңкы ыкмага өз баасын берди. 

Тамчылатып сугаруу - бул айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун алдыңкы ыкмаларынын бири. Сугат суу полиэтилен түтүктөрдүн жардамы менен жоготуусуз өсүмдүктүн тамырына түз берилет. Тамыры нымдалып, суунун бууланууга, жерге сиңип жана майнапка кеткен көлөмү кыскарат. Кытайлык ишкер 40 гектар кайрак жерге өсүмдүктүн түрүн айдаган. Ал жакында экинчи түшүм мол берчү жүгөрүнүн 35 түрүн алып келген. 

Минтип сугаруу өлкөнүн башка аймактарына да тараган. Ал эми Чүй облусунда 2 миңден ашык аянт тамчылатып сугарууга өткөн.

1 гектар жерди тамчылатып сугарууга керектелүүчү жабдыктардын наркы 90 миң сомго барат. Дыйкандар мындай баа чөнтөгүбүзгө чак келбейт дешсе, адистер кеткен чыгым 2 жыл аралыгында актап, киреше алып келет деп ишендирүүдө.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118