Жаңылыктар
Имамназар Бурканов Баткен шаарына мэр болуп шайланды
Аймак
Имамназар Бурканов Баткен шаарына мэр болуп шайланды

Баткен шаарында алгачкы жолу жергиликтүү кеңештин 31 депутатынын толук колдоосу менен мэр шайланды. Эл өкүлдөрүнүн эч бири каршы чыкпай мэр кызматына жалгыз талапкер болгон Имамназар Буркановду жактырышкан. 4 партиядан куралып барган жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлоого чейин эле талапкерге өз сунуштарын айтып, алдыда аткарылчу иштерди макулдашышкандыктан бир добуштан колдогонун билдиришти. Бирок, айрым шаар тургундары бул шайлоодон күмөн санашууда. 

Баткен шаарынын 7-мэри кызматына жалгыз талапкер Имамназар Бурканов депутаттарга эгер шаарды башкарып калса аткара турган программасы менен тааныштырды. Баткен шаары түзүлгөндөн тартып эле инфратүзүм, жол, суу, таштанды сыяктуу чечилбей келген маселелерди аткарабыз деп буга чейин да 6 мэр иштеп кеткен. Бирок ушул кезге чейин шаардыктардын жогорудагы көйгөйлөрдү чечилген жок. Бул ирет шайланчу талапкер ушул маселелерди аягына чыгарам деп турат.

Ошентип айрым депутаттар талапкерге ийгилик каалап, айрымдары кошумча сунуштарын айтып, шайлоого өтүштү. Жалпысынан 31 бюллетень даярдалган. Шайлоонун жыйынтыгында бардык бюллетендер жарактуу болуп добуш бергендердин саны да 31ди түздү. Эсептөөнүн жыйынтыгы менен Имамназар Бурканов жалпы 31 добуш менен Баткен шаарындагы рекорддук колдоо тапкан алгачкы мэр болуп калды.

Көпчүлүк жана азчылык коалицияларга бөлүнгөн 7-чакырылыштын эл өкүлдөрү буга чейинки кесиптештеринен айырмаланып, талашып-тартышпай эле бир добуштан мэрдик кызматка талапкерди шайлап алышты. Көрсө буга чейин талапкер менен жолугуп максат-мүдөөсүн укканда сунуштарын айтып, ийри отуруп түз кеңешип алышкан экен. 

Эл атынан барган депутаттардын баары эле бир добуштан бир талапкерди шайлап алганы күмөн туудурат деген шаар тургундары да чыкты. Бул алдыда мэрдин аткара турган ишинин натыйжасыз болушуна алып келет. Анткени, сын-пикир айтылбай баары эле колдоп турса көпчүлүк көйгөйлөр көз жаздымда калышы мүмкүн дешет.

Имамназар Бурканов укук коргоо органдарында, андан соң курулуш тармагында кызмат өтөп, жергиликтүү кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты да болгон. Буга чейин шаар башчылыгын 17 депутаттын добушу менен келген Мамыржан Рахимов аркалаган. Акыркы учурда ал Баткен облусундагы чек ара айылдарын калыбына келтирүү боюнча Президенттин өкүлү кызматына которулган.