Жаңылыктар
Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан бир киши көз жумуп, жетөө жаракат алды
Кырсык
Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан бир киши көз жумуп, жетөө жаракат алды

8-июнга караган түнү саат 2:30дар чамасында Бишкек - Ош унаа жолунун 152-чакырымында Toyota Land Cruser Prado жана Mitsubishi Galant үлгүсүндөгү унаалар кагышып, бир киши көз жумуп, дагы жетөө жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Кырсыктан Mitsubishi Galant унаасындагы 40-45 жаштагы эркек киши каза болуп, дагы киши жаракат алган. 

Ал эми Toyota Land Cruser Prado автокүлүгүндө эки эркек менен бир аял жабыр тартканы кабарланды. Окуя болгон жерге беш куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын сөөгүн милиционерлерге өткөрүп, жабыркагандар тез жардам кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.