Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылында таңкы саат 4:30 чамасында, Балыкчы - Кызыл-Суу - Каракол унаа жолунун 178-чакырымында, BMW 525 менен AUDI C4 үлгүсүндөгү автоунаалары кагылышкан.
Кырсыктан 3 адам көз жумуп, эки киши ооруканага жеткирди. Окуя болгон жерге Каракол шаарынын №15 куткаруу бөлүмүнөн 4 кызматкер тартылган.