Жаңылыктар
Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн учурда 13 партия катталды
Шайлоо 2023
Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн учурда 13 партия катталды

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн 13 партия катталды. Шайлоого катышууну каалаган партиялардын арызын кабыл алуу 13-июнда аяктайт. 

Ага чейин аймактык шайлоо комиссиясына ыйгарым укуктуу өкүлүн каттап, фондун ачып, курултайларын өткөрүп, тизмелерин тапшырышы керек. Белгилей кетсек, мыйзам саясий мекемелердин шайлоого кайталап катышуусуна тыюу салбайт. Бирок добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу сыяктуу жат аракеттерге барган тараптарга кайрадан ат салышууга жол берилбейт.