Жаңылыктар
Пакистандагы жол кырсыгынан каза болгон жүргүнчүлөрдүн саны 50 кишиге жетти
Дүйнө
Пакистандагы жол кырсыгынан каза болгон жүргүнчүлөрдүн саны 50 кишиге жетти

Пакистандагы жол кырсыгынан каза болгон жүргүнчүлөрдүн саны 50 кишиге жетти. Акыркы маалыматтарга караганда алардын көбү вагондо уктап бара жаткан учурда эки поезд кагышкан. 

Окуя эртең менен Пакистандын түштүгүндө болгондугун жана жарадарлардын саны азырынча 100 адам деп берилип жатканын RT агенттиги кабарлады. Маалыматта экспресс-поезд маңдай жактан келе жатып, рельстен чыгып кеткен поезд менен кагышкан. 

Окуяга күбө болгондордун айтымында, жүргүнчүлөрдүн көбү ал учурда катуу уктап келе жаткан. Кагышуунун кесепетинен 12 вагон рельстен чыгып кеткен. Бир локомотив менен төрт вагон таптакыр эле талкаланып калган. Учурда куткаруучулар талкаланган темирлердин арасынан адамдарды издеп жаткандыгы айтылды.