Жаңылыктар
WhatsApp тиркемесиндеги жаңылануулар
Дүйнө
WhatsApp тиркемесиндеги жаңылануулар

Android түзмөгүнө орнотулган WhatsApp тиркемесинин колдонуучулары мындан ары өз аккаунтуна "флэш-чалуу" аркылуу кире алышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирет. 

Мурда телефонго код жөнөтүлүп, аккаунтка SMS аркылуу кирүүгө мүмкүн болчу. Эми телефонго чалуу келет, бирок ага жооп берүүнүн кажети жок. WhatsApp чалуулар тизмесине кирүүнү суранып, андан кийин чалуу автоматтык түрдө өчүп калат. Функция iOS түзмөгүндө иштебейт. Буга чейин WhatsApp мессенжери, жаңы көп платформалуу функциянын киргизилиши менен бир учурда төрт түзмөк аркылуу аккаунтка кирүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. 

Ошондой эле iPad'да биринчи жолу пайда болору белгилүү болгон. Бул тууралуу Facebook'тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана WhatsApp'тын башчысы Уилл Кэткарт маектешүүдө маалымдашкан.