Жаңылыктар
Дооронбек Маметов эл аралык олимпиададан коло медалга ее болду
Билим
Дооронбек Маметов эл аралык олимпиададан коло медалга ее болду

Химия боюнча эл аралык олимпиадада Кыргызстандык окуучу Дооронбек Маметов коло медалга ээ болду. 

Олимпиада 23-июлдан 1-августка чейин Грузияда өткөрүлгөн. Маметов бул олимпиадага катышуу үчүн көптөгөн тандоо турларынан өткөн. Ал райондук, шаардык, республикалык, ал гана эмес Москвада өткөн эл аралык Менделеев олимпиадасына да катышып алдыңкы орундарга ээ болгон.

 Аны менен кошо Кыргызстандык дагы үч окуучу эл аралык олимпиадага катышууга жолдомо алган эле. Ал эми, Дооронбек Маметов 48 жолу өткөрүлгөн химия боюнча эл аралык олимпиадада 80 мамлекеттен катышкан 320 окуучунун ичинен үчүнчү орунду алды. 

Келечекте илимпоз болом деген Дооронбек Маметов Кореядагы жогорку окуу жайлардын бирине бюджеттик негизде билим алууга мүмкүнчүлүк алды.