Жаңылыктар
ИИМдин 10-бөлүмдүн кызматкери адам уурдоого шектелип жатат
Кылмыш
ИИМдин 10-бөлүмдүн кызматкери адам уурдоого шектелип жатат

Ошто, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери адам уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.

 Кытай жаранын уурдоого шектелген милиция кызматкери өткөн жумада колго түшүрүлгөн. Ош шаардык сотунун чечими менен ал бир айга камакка алынган.

Ушул жылдын июнь айынын ортосунда Ош шаарында жашап жаткан Кытай жараны жоголуп, аны издөө иштери жүргөн. Кийин жоголгон адамдын унаасы Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде табылган, бирок азыркыга чейин өзүнүн кайда экени белгисиз болууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектелген жаран Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери экени аныкталган.

Айта кетсек, милициядагы 10-бөлүм мыйзамсыз миграция, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшөт.