Жаңылыктар
Чет жактан алып келинген товарларга салык төлөмдөр өзгөрөт
Экономика
Чет жактан алып келинген товарларга салык төлөмдөр өзгөрөт

Импорттолгон товарларга болгон салык төлөмдөр өзгөрөт. Салык жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеӊеш 2016-жылдын 23-июнунда кабыл алган.

Ага ылайык, импорттолгон товарларга контролдук баалардын минималдык деӊгээли киргизилип, аларды бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчилик белгиленет. Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.