Жаңылыктар
Вашингтондо С5+1 саммити өтүп жатат
Дүйнө
Вашингтондо С5+1 саммити өтүп жатат

 Вашингтондо Борбор Азиянын Тышкы иштер министрлеринин жана АКШ мамлекеттик катчысынын катышуусунда С5+1 форматындагы саммит өтүп жатат. 

Күн тартибине экономика, экология жана коопсуздук темалары коюлган. Ага Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышууда. Самитте Абдылдаев - Кыргызстан үчүн соода жүгүртүүнү жакшыртуу, суу-энергетика жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү маанилүү экенин белгилеп, декларациялар менен талкуулардан иш жүзүндөгү, конкреттүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарыл экенин айтты. 

Мындан тышкары жаңы технологияларды жана заманбап усулдарды колдонгон америкалык компанияларды биздин аймакка тартууга кызыкдарбыз, - деп кошумчалады.