Жаңылыктар
Евро-2020 чемпионатына кайсы футболчулар катышпайт? Тизме
Спорт
Евро-2020 чемпионатына кайсы футболчулар катышпайт? Тизме

11-июнда баштала турган Евро-2020 чемионатына катышпай калган футболчулардын символикалык командасы. 

Алар:

Марк-Андре Тер Штеген (дарбазачы, Германия курама командасы)

Акыркы Европа Чемпионатынын коло медалынын ээси Барселонада анча эмес,бирок туруктуу сезонду өткөрдү. 42 беттеш, 50 гол өткөрүлүп, 14 голсуз оюн болду. Германиялык футболчу улуттук курама команданын биринчи дарбазачысы Мануэль Нойерден орун алууну көптөн бери кыялданып келген жана дарбазачы үчүн алдыдагы мелдеш чечүүчү болушу мүмкүн болчу. Бирок, оюнчу жаракат алып, Еврого барбай калды.

Тео Эрнандес (коргоочу, Франция курама командасы) 

"Миланда" ойногон футболчунун кош жарандыгы бар - француз жана испан. Ал чоңдор арасындагы курама командага чакырылган эмес, бирок Франциянын жаштар курама командасында ойногон. Анын бир тууганы  Францияда ойноп, буга чейин дүйнө чемпиону болгон Лукас Эрнандес. Тео Европадагы мыкты сол коргоочулардын бири, "Миланда" 45 оюн өткөрүп, сегиз гол, сегиз голдук пас берген.

Серхио Рамос (коргоочу, Испания курама командасы)

Испания курама командасына Рамостун чакырылбай калганы – сенсациялардын бири болду. “Реал Мадриддин” капитаны акыркы сезондо 21 гана оюн өткөрүп, калган убакытта дарыланган. Бирок, коргоочунун тажрыйбасынан улам , Евро чемпионатына келиши күтүлүп жаткан. Бирок машыктыруучу Луис Энрике оюнчуну мелдешке алып барбоону чечти.

Бенджамин Менди (коргоочу, Франция)

2018-жылдагы Дүйнө чемпиону Евро-2020 мелдешине катыша турган футболчулардын тизмесине кирген жок. Футболчу акыркы сезондо 20 беттеш өткөргөн, бирок АПЛдин мелдештерин эске алганда бул анча деле көп эмес.”Манчестер Ситинин” курамында француз футболчусу украиналык Александр Зинченкого толук кандуу коргоочу атаандаштыгынан да утулуп калган.

Деле Алли (жарым коргоочу, Англия)

Англиялык футболчу сезонду начар өткөрдү. “Тоттенхэм” курамасы менен бирге АПЛде бир гана голдук пас бергенге жетишкен. Таанымал оюнчулардын катарында болгону менен, футболчу курама команданын тизмесине кирбей калганы таң калыштуу деле эмес.

Марко Ройс (жарым коргоочу, Германия курама командасы)

Эң таланттуу, бирок жолу жок оюнчулардын бири Ройс жаракатына байланыштуу ири турнирлерге бир нече жолу катышпай калган. Ал эми алдыдагы чемпионатка футболчу өз эрки менен барбайт. Оюнчу Германия курама командасынын машыктыруучусу Йоахим Лёв менен кеңешип, чарчап-чаалыгуудан улам Еврону өткөрүп жиберүүнү чечкен.

Джесси Лингард (жарым коргоочу, Англия)

Алты ай мурун Лингарддын Англиянын курамасына кирбей калышы такыр талкууланмак эмес, себеби акыркы сезондун биринчи жарымында ал "Манчестер Юнайтед" үчүн бир дагы беттеш өткөргөн эмес. Бирок, клуб аны “Вест Хэмге” ижарага берип, жарым коргоочу ошол жерде мыктылыгын көрсөтүп,  лиганын 16 оюнунда тогуз гол жана төрт жолу голдук пас берген. Гарет Саутгейт футболчуну улуттук курама команданын машыгуусуна чакырган, бирок оюнчу акыркы тизмеге кирген эмес.

Юлиан Дракслер (жарым коргоочу, Германия курама командасы)

Немис футболчусу жакында Париждиктер менен келишимин үч жылга аз эмгек акы алуу  менен узартты. Машыктыруучу Маурисио Почеттино аны клубда калууга  көндүрдү. Аргентиналык машыктыруучу өткөн сезондо 34 беттеш өткөрүп, төрт гол киргизип, жети голдук пас берген футболчуга ишенди. Бирок, жарым коргоочу Европа чемпионатына катышпайт. Себеби Германиянын курама командасындагы атаандаштык өтө жогору.

Златан Ибрагимович (чабуулчу, Швеция курама командасы)

Швециялык футболчу быйыл 40 жашка толду, анткени менен футболдо мыктылыгын көрсөтүүнү улантууда. Златан АКШдан Европага кайтып келип, анын тушунда “Милан” кадимкидей өзгөрдү. Команда кызыктуу футбол ойной баштап, акыркы сегиз жылдан бери биринчи жолу Чемпиондор Лигасына жол ачылды.

Бирок Ибрагимович муну менен токтоп калбастан, Швециянын курама командасына дагы кайтып келүү ниетин билдирди. Чабуулчу 2016-жылдан бери улуттук курама командада ойной элек болчу, бирок беш жылдан кийин кайрадан сары түстөгү форма кийип, эки беттеш өткөрдү.

Бирок, сезондун аягында алган жаракаты Златанга Европа чемпионатындагы оюну менен күйөрмандарды кубантууга жол берген жок.Федор Смолов (чабуулчу, Россия курама командасы)

Смолов 2018-жылдан бери эң мыкты жыйынтыкты көрсөттү. 28 оюнда 11 гол жана төрт голдук пас берген. Үч жыл мурун, чабуулчу Станислав Черчесовдун Россия курама командасынын чабуулундагы биринчи тандоосу болгон. Бирок дүйнө чемпионатынын жүрүшүндө машыктыруучу оюн өзгөртүп, дагы деле улуттук курама команданын негизги сокку уруучу күчү болуп калган Артем Дзюбага ишенип калган.

“Локомотивдин” чабуулчусу 2020/2021-сезонду анчалык деле жакшы баштаган жок, кышкы тыныгууга чейин үч гана гол киргизген. Бирок, чемпионаттын экинчи бөлүгүндө Смолов жакшырды. Футболчу ар бир оюнда чечүүчү голдорду киргизип, Россияда мындай чабуулчуну табуу кыйын экендигин дагы бир жолу көрсөттү.

Россия Кубогунун финалындагы жеңиштүү голдон кийин Смолов Инстаграм баракчасынан өз пикирин айткан. Буга Россиянын курама командасынын негизги тизмесине кирбей калганы себеп болгон. Кандай болгон күндө да, чабуулчу Европа чемпионатына катышпай калды.

Европа чемпионатында ойнобой турган футболчулардын символикалык командасы:

Запастагы: Гильерме (дарбазачы, Локомотив, Россия), Альфонс Ареола (дарбазачы, Фулхэм, Франция), Жером Боатенг (коргоочу, Бавария, Германия), Альваро Одриосола (коргоочу, Реал Мадрид, Испания), Бен Годфри (коргоочу, Эвертон, Англия) ), Ансу Фати (жарым коргоочу, Барселона, Испания), Джулиан Брандт (жарым коргоочу, Боруссия Дортмунд, Германия), Мейсон Гринвуд (жарым коргоочу, Манчестер Юнайтед, Англия), Тома Лемар (жарым коргоочу, Атлетико, Франция), Набил Фекир (жарым коргоочу) , Бетис, Франция), Кшиштоф Пентек (чабуулчу, Герта, Польша), Моисе Кин (чабуулчу, ПСЖ, Италия).