Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова Poland Open турниринде алтын медаль утуп алды
Спорт
Айсулуу Тыныбекова Poland Open турниринде алтын медаль утуп алды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Польшадагы Poland Open рейтингдик турниринин финалында карышалашын каршылашын 7:1 эсеби менен жеңип алтын тагынды. 

62 килограмм салмакта канадалык Анна Паула Годинез Гонзалез менен кармашып, утуп алды. Чейрек финалда кыргызстандык балбан кыз россиялык Любовь Овчарова менен кез келген. Беттештин биринчи бөлүгүндө 2:8 эсебинде утулуп жатып, экинчи үч мүнөттүктө эсепти адегенде 10:8ге өзгөрткөн. Көп өтпөй атаандашынын далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Жарым финалда россиялык балбан Светлана Липатованы 3:1 менен уткан болчу. 

Ушуну менен Айсулуу Тыныбекова аталган мелдештин эки жолу чемпиону болду.