Жаңылыктар
КТРК МЕДИАЛАБОРАТОРИЯГА катышууга сынак жарыялайт
УТРК жаңылыктары
КТРК МЕДИАЛАБОРАТОРИЯГА катышууга сынак жарыялайт

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана Республикалык медиакоммуникациялар окуу борбору МЕДИАЛАБОРАТОРИЯГА катышууга сынак жарыялайт. Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана Республикалык медиакоммуникациялар окуу борбору журналистика факультетинин студенттерине жана ММКнын жаш кызматкерлери үчүн окуу программасын түздү. МЕДИАЛАБОРАТОРИЯ талантуу, эмгекчил адамдарга мультимедиа журналистинин аткара турган иштерин үйрөтөт.

МЕДИАЛАБОРАТОРИЯ-4 айлык курс менен жыйынтыкталат. Бул аралыкта үн, видеону монтаждоо, сүрөткө туура тартуу, радио жана телекөрсөтүүгө программа даярдоо, интернет сайты үчүн жаңылык жазуу жана белгилүү бир аудитория менен иштешүүнүн жол жоболору үйрөтүлөт.

МЕДИАЛАБОРАТОРИЯ курсуна төмөнкү аспектилер кирет:

-Маалыматтык журналистиканын теориясы жана практикасы

-Тынчтык орнотуудагы журналистиканын орду

-Текст менен иштөө

- Интервью алуунун эрежеси

- Аудио жана видеомонтаж

- Фото жана видеого тартуу

-Радио ишинин өзгөчөлүгү

-Телевизиондук программа түзүүнүн эрежеси

-Аудио жана видео менен иштөөнүн эрежелери, аларды заманбап жабдыктар менен монтаждоо

Окуу сааттары КТРКда өтөт. Сабактар жумасына 3 ирет 3-4 сааттан болот. Мыкты окугандарга чет өлкөдөгү мультимедиялык комплекстерге барып, алардын иши менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берилет.

Катышуучуларга өздүк проектисин түзүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Мыктысы иргелип, эфирден кетет.

МЕДИАЛАБОРАТОРИЯГА 20 адам тандалып алынат. Андыктан шашыл!!!

МЕДИАЛАБОРАТОРИЯГА катышуу үчүн:

1. АНКЕТАҢДЫ толтуруп training_center@ktrk.kg  дарегине 15-августка чейин жөнөт.

2. Баарлашуудан өтүү (собеседование)

Кошумча маалымат алуу үчүн Республикалык медиакоммуникациялар окуу борборунун директору Аделя Лаишевага кайрылсаңыз болот. (laisheva@gmail.com) тел.0772 33-22-11