Жаңылыктар
Улуттук онкология борборунда бүгүн директорду шайлоо өттү
Ден соолук
Улуттук онкология борборунда бүгүн директорду шайлоо өттү

Улуттук онкология борборунда бүгүн директорду шайлоо өттү. Таң эртеден чогулган борбордун жамааты алгач шайлоого катышуучу тизмеден өзүнүн аты жөнүн тактап жатышты. 

Анткени акыркы жылдары директорду шайлоо тууралуу ич ара келишпестиктер болуп, борбордун эмгек жамааты эки жаатка бөлүнүп кетти деген маалыматтар орун алып келет. Андыктан мында иштегендер бул күндү чыдамсыздык менен күтүштү. 

Борбордо жалпысынан 173 дарыгер иштейт, алардын баардыгы бүгүнкү шайлоого катышып, добуш берүүгө укук алышкан. Дирокторду шайлоо ачык болуп, тизмеге катталгандардын 166сы добуш берүүгө катышты. Жыйынтыгында директорлукка ат салышкан 4 талапкердин үчөө алдыга чыкты. 

Алар: учурда борбордо иштеп жаткан дарыгерлер Бактыгүл Султангазиева менен Мукаш Бейшенбаев жана мурда да директорлук кызматка бир нече жолу шайланган Накен Касиев. Эми алардын талапкерлиги атайын протокол менен өкмөткө жиберилди. Эми ким директор болуп тандалат 3 күндүн ичинде белгилүү болот.