Жаңылыктар
Атамбаев Обаманы туулган күнү менен куттуктады
Дүйнө
Атамбаев Обаманы туулган күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обаманы туулган күнү менен куттуктады. Бүгүн ал 55 жашка чыкты. 





«Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Кыргыз Республикасы өз ара пайдалуу кызыкчылыктарга жооп берген багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилөө менен, Сизге бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми АКШ элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118