Жаңылыктар
“Евро-2020”: Түркия – Италия оюнун КТРК СПОРТ түз алып көрсөтөт
Спорт
“Евро-2020”: Түркия – Италия оюнун КТРК СПОРТ түз алып көрсөтөт

Бүгүн түнү футбол боюнча “Евро-2020” турниринин ачылыш аземи Рим шаарында өтөт.

Андан соң “А” тайпасында жайгашкан Түркия – Италия курамалары беттешет. Оюн Италиянын Олимпико стадионунда түнкү саат 1:00дө болот. Аталган командалардын беттешин КТРК СПОРТ телеканалы түз алып көрсөтөт.

 Кошумчалай кетсек, футбол боюнча бул чемпионат 11-июндан 11-июлга чейин Европанын 11 шаарында өтөт. Анда 6 тайпага бөлүнгөн 24 курама команда күч сынайт.