Жаңылыктар
Өлкө башчысы Фарид Ниязовду кабыл алды
Саясат
Өлкө башчысы Фарид Ниязовду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду кабыл алып, VI- чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясында кабыл алынган мыйзамдарды экспертизадан өткөрүү ишинин жыйынтыгын талкуулады. 

Талкуу маалында Президент жаңы чакырылыштагы парламент кабыл алган көп мыйзамдардын маанилүү жана керектүү экенин баса белгиледи. Жогорку Кеңештин комитеттери менен Президенттин Аппаратынын эксперттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жолго коюлган системасы кабыл алынган мыйзамдарга Президенттин вето коюуга мажбур болгон учурларын кыйла азайтууга өбөлгө түздү. 

Өткөн жылы ноябрдан тартып, быйылкы жылдын 14-июлуна чейин Президенттин кароосуна парламент кабыл алган 186 мыйзам келди. Анын ичинен 43 мыйзам июль айында түштү. Башкача айтканда, алар парламенттик сессиянын акыркы күндөрү кабыл алынган. 

Мыйзамдарга ылайык, келип түшкөн ар бир мыйзам боюнча өлкө Президенти кол коюу же мыйзам Президенттин Аппаратына келип түшкөндөн бир ай ичинде эксперттердин тиешелүү корутундусунун негизинде Жогорку Кеңешке каршы пикирлери, же вето коюу менен кайтаруу чечимин кабыл алат.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118