Жаңылыктар
КТРК СПОРТ телеканалы Футбол боюнча Европа Чемпионатынын оюндарын көрсөтөт
Спорт
КТРК СПОРТ телеканалы Футбол боюнча Европа Чемпионатынын оюндарын көрсөтөт

Азыркы тапта КТРК "Евро-2020" оюндарын көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бүттү. Белгилүү болгондой, мындай дүйнөлүк чоң чемпионаттардын лицензиясы кымбат турат.

Ошого байланыштуу группалык этаптагы оюндарды "Qsport Арена" жана КТРК СПОРТ телеканалдары оюндарды тең бөлүү жолу менен көрсөтөт.

Плей-оффтук оюндарды 1\8 финалдан баштап финалга чейин оюндар толугу менен КТРК СПОРТ телеканалында түз эфирде көрсөтүлөт.

Группалык этаптагы оюндарды эки каналдан көрсөтүлүшүн түшүнүү менен кабыл алат деп ишенем. Демек жайды биз менен баштаңыздар. Футболдон кийин Олимпиада оюндары менен көрүүчүлөрдү кубантууну улап кетебиз.