Жаңылыктар
Боомдо көзөмөл күчөтүлөт
Өзгөчө кырдаал
Боомдо көзөмөл күчөтүлөт

Ушул жылдын 5-майынан 3-августуна чейин Боом капчыгайындагы «Бишкек-Торугарт» унаа жолунда 19 ирет жаратылыш кырсыгы катталган, анын ичинде - 7 таш кулоо жана 12 ирет сел жүргөн. Жакында эле таш кулоодо бир адам мерт кетти. 

Боом капчыгайындагы унаа жолунан коопсуз өтүүнү камсыздоо маселеси боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш жыйын өткөрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, Боом капчыгайында 94 сел жүрүүчү, 16 борпоң жана 2 жер көчкү коркунучу бар тилкелер аныкталган. 

Анын катарында 17 сел коркунучу бар, 3 борпоң топурактуу жана 1 көчкү түшчү тилке өзгөчө кооптуу. Бул тилкелерде жакынкы мезгилде кооптуу абалдын орун алуусу ыктымал. 

Премьер-министр аба-ырайынын шартын эске алуу менен, Боом капчыгайындагы кооптуу тилкелерге мониторинг жүргүзүүнү, чыңдоо иштерин күчтөндүрүүнү, алдыда күтүлүп жаткан кооптуу жаратылыш көрүнүштөрү тууралуу жарандарды ыкчам маалымдоо жана адамдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча үч министрликтин аракеттерин координациялоо тапшырмасын берди.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118