Жаңылыктар
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Мьянманы 8:1 эсеби менен утуп алды
Спорт
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Мьянманы 8:1 эсеби менен утуп алды

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Мьянманы 8:1 эсеби менен утуп алды. 

Оюн башталганда эле Ак шумкарлар оюн талаасына ээлик кылып, Мьянманын дарбазасын көздөй тынымсыз чабуул коюп жатты. Албетте мындай оюн каршылаштардын айласын кетирди. Натыйжада биринчи тайм 0:5 эсебиде кыргызстандыктардын артыкчылыгы менен аяктады. 

Экинчи бөлүктө да биздин улуттук команда катары менен эки гол киргизди. Андан соң мьянмалыктардын чабуулу ийгиликтүү болуп Кыргызстандын дарбазасына бир топ киргизе алды. 

Оюн Япониянын Осака шаарында футбол боюнча 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өттү. Голкиперлер четтетилгенине байланыштуу дарбазаны чабуулчу Эрнист Батырканов коргоду. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү жеңиш бир жагынан сүйүнүчтүү болгону менен тайпадагы жалпы көрсөткүчтө зыяны тийиши мүмкүн. Анткени, Мьянма ири эсепте утулса, анда бешинчи орунга түшүп калат. Кыргызстан тандоо турунда Тажикстан курамасы менен оюнду экинчи орунда жыйынтыктап калса, анда киргизген голдордун айырмасы эсептелет. Мындай учурда "Ак Шумкарлардын" Мьянмага киргизген топтору эсепке алынбайт.