Жаңылыктар
Олимпиада: кыз-келиндер арасында футболдук беттеш өттү
Спорт
Олимпиада: кыз-келиндер арасында футболдук беттеш өттү

Олимпиада оюндарындагы алгачкы таймаш болуп кыз-келиндер арасындагы футболдук беттеш болду. Мелдештин расмий сайты билдиргендей, «А» тайпасында Бразилия курамасы Кытайды 3:0 эсебинде утуп алды. Голдорду Моника, Андресса жана Кристина жаратты. Ал эми учурдагы Олимпиада чемпиону АКШ курамасы Жаңы Зеландияны 2:0 эсеп катыштыгында жеңип алды. Мөөрөйдү Алекс Морган жана Карли Ллойд алып берди. Ал эми Лондондо өткөн Олимпиадада колону уткан Франция командасы Колумбияны 4:0 эсебинде «таш талканын» чыгарды.

Биринчи турдун жыйынтыгы, 3 август

А тайпасы

Швеция - ТАР — 1:0
Бразилия - Кытай — 3:0

В тайпасы

Канада - Австралия — 2:0
Зимбабве - Германия — 1:6

С тайпасы

США - Жаңы Зеландия — 2:0
Франция - Колумбия — 4:0

ФОТО: www.rio2016.com