Жаңылыктар
COVID-19. Ош шаарына айрым чектөөлөр киргизилди
Дүйнө
COVID-19. Ош шаарына айрым чектөөлөр киргизилди

Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин маданий-массалык иш-чаралар токтотулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты. Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү толтурбай, бет капты кийүү милдет. 

Санитайзерлер коюлуп, 1,5 метрлик аралык сакталсын. Каттамдардын айдоочуларында патент сөссүз болушу керек. Коомдук жайлар жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн. 

Учурдагы кырдаалга байланыштуу кошумча үч мобилдик топ кызмат кылат. Базарлар жумасына бир жолу жабылып, залалсыздандыруу иштери жүрөт. Тойкана, ресторан-кафелердин сыйымдуулугу 50 пайыздан ашпашы керек. Той-мааракелер 1-июлга чейин токтотулушу мүмкүн. Кырдаал курчуса кошумча күнү-түнү иштеген стационарлар ачылат.