Жакында Бишкекке түркиялык дарыгерлер тобу келип, кыргызстандык адистер менен биргеликте «Достук» клиникасын иштетүүгө даярдайт. Үч жылдан бери клиника иштөөгө даяр болгону менен иштебей туруп калган.
Анткени тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Кыргыз тарап бардык керектүү документтерди даярдашы керек. Клиника заманбап жабдуулар менен жабдылган. Буга чейин Түркияга операцияга квота менен жиберип келген бейтаптарга эми бул жерден эле операция жасалат.
Түркиянын фармацевтикалык клиникалары Кыргызстанга керектүү дары-дармектерден жардам берүү жагын көздөп жатышат. Кыргызстанга фармацевтикалык завод куруу же керектүү дары-дармектерди түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу боюнча маселелер каралып жатат», — деп белгиледи Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.