Жаңылыктар
"Манас" аэропортунан чоочун паспорт менен 25 жаштагы аял кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
"Манас" аэропортунан чоочун паспорт менен 25 жаштагы аял кармалды

Бүгүн Эл аралык "Манас" аба майданынан башка адамга таандык паспорт менен Стамбулга учууга аракет жасаган кыргызстандык 25 жаштагы аял кармалды. 

Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Кармалган жаран паспортун жоготуп алып, эжесине таандык документ менен Түркияга иштеп келүүгө бара жаткан. 

Чек арачылар кармалган адамдын ишин иликтөө үчүн Улуттук Коопсуздук комитетинин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118