Жаңылыктар
Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун курулушу
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун курулушу

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун реконструкцияланышынын жүрүшүн текшерди. 

Министрлер кабинетинин басм сөз кызматынан кабарлашкандай, Улукбек Марипов бардык курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды. Жолдун узундугу 52,5 чакырымды түзөт. 45,1 чакырымы боюнча иштер 2021-жылдын ноябрында, ал эми 7,4 км участогу боюнча - 2022-жылдын октябрь айында аякталышы пландалууда.