Жаңылыктар
Түркия Кыргызстандын жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу маселесин кароого даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Түркия Кыргызстандын жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу маселесин кароого даяр

10-июнунда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту. Анда Түркияда жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын коргоого байланыштуу маселелерди көтөрдү. Түрк тарап Кыргызстандын укук коргоо органдарынын дареметин жогорулатууга жардам көрсөтүүгө даяр экенин Сулейман Сойлу билдирди. Ал Түркияда дарылануу, окуу, туризм максатында келген кыргыз жарандарынын документтерин тариздөөгө, узартууга байланыштуу маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтө тургандыгына ишендирди. Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө, убактылуу жашап турууга уруксат берүүчү документтерди берүү мөөнөтүн кыскартуу маселесин кайра карап чыгууга макул болду, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле Сулейман Сойлу түрк тарап Түркиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарын кара тизмеден чыгаруу маселесин кароого даяр экендигин белгиледи.