Жаңылыктар
Жалал-Абадда жол кырсыгынан 2 киши жабыркап, 6 адам каза болду
Кырсык
Жалал-Абадда жол кырсыгынан 2 киши жабыркап, 6 адам каза болду

Жалал-Абадда жол кырсыгынан 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Бишкек-Ош унаа жолунун 495-чакырымында “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү унаа кагышып, натыйжада 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. 

Жерине ӨКМден 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, каза болгон адамдарды милиция кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.