Жаңылыктар
Июнь окуясынын курмандыктары эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Июнь окуясынын курмандыктары эскерилди

12-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Топурак-Бел ашуусунда июнь окуяларынын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. 

Ага Жалал-Абад шаарынын, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун, облустун мекеме-ишканаларынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, кандуу окуя маалында жабыр тарткандар менен набыт болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү, облус, шаар жана район жетекчилери катышты. 

Иш-аранын аягында каргашалуу окуялардын курмандыктарына арналып куран окулду. Эскерте кетсек, 2010-жылдын июнь айындагы кандуу окуяларда жалпысынан 500гө жакын киши курман болуп, 2 миңге жакын адам жабыркаган. Ал эми Жалал-Абад шаарында 33 киши каза таап, 72 киши жабыркаса дагы экөө дайынсыз жоголгон.