Жаңылыктар
Оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды
Спорт
Оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов фейсбуктагы баракчасында билдирүү калтырды. 

Анда Бакдөөлөт Расулбеков 96 кг салмакта оор атлетика боюнча дүйнөдөгү мыкты 10 спортчунун катарына кирери жазылган. Спортчунун машыктыруучусу Өмүржан Молдодосов, оор атлетика боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Камбар Токтоналиев. 

Эскерте кетсек, Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына буга чейин Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая, Денис Петрашов, Роман Петров лицензия алган.