Жаңылыктар
Жуманазарова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Poland Open мелдешинде коло медаль утту
Спорт
Жуманазарова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Poland Open мелдешинде коло медаль утту

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Poland Open мелдешинде коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун расмий сайтында айтылат. Жуманазарова 68 кг салмакта алгач польшалык, кийин украиналык спортчуларды жеңип жарым финалга чыкты. 

Жарым финалда франциялык кызга утулуп, коло үчүн күрөшүүтү. Үчүнчү орун үчүн кармашууда кыргызстандык спортчу канадалык Даниэль Сюзанна Лаппажды 3:1 эсебинде утуп алды. Варшава шаарында 8 - июнда башталган мелдеш 13-июнь күнү аяктайт.