Жаңылыктар
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду
Кырсык
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 22-чакырымында ири жол кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, Honda Fit жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеңил автоунаалар кагышкан. 

Кырсыктын кесепетинен бир аял, эркек киши жана жаш бала каза болду. Ошондой эле эки эркек киши оор жаракат алгандыгы кабарланды. Жерине үч куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматынын унаасы менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилди.