Жаңылыктар
Дүйшөмбү шаарында ШКУнун 20 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт
Дүйнө
Дүйшөмбү шаарында ШКУнун 20 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт

Дүйшөмбү шаарында 29-июндан тарта 2-июлга чейин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин арасында көркөм жана телефильмдердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлашты. 

Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөргө "Алтын чабалекей" сыйлыгы жана дипломдор ыйгарылат. Кыргызстандын атынан кайсы тасма көрсөтүлөрү айтыла элек. 

Эске салсак, ушул жылдын 15-июнь күнү бирикменин түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Буга байланыштуу ар кандай саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган.