Жаңылыктар
Олимпиада: россиялык 280 спортчу мелдешке катышат
Спорт
Олимпиада: россиялык 280 спортчу мелдешке катышат

Олимпиада оюндарынын расмий сайты россиялык 280 спортчу мелдешке катышарын жазып чыкты. Россия Олимпиада оюндарына спорттун 23 түрүнөн ат салышат. Тандоо турларында бул өлкөнүн спортчулары баскетбол, регби-7, футбол, чөп үстүндөгү хоккейден жолдомо алууга чамалары жеткен эмес. Башында Россиянын Олимпиада комитети 387 спортчуну мелдешке даярдаган. Бирок допинг чыры менен жеңил атлетчилери таймаштан четке кагылган. Эл аралык Олимпиада комитети 67 россиялык жеңил атлетчини жолдомосунан ажыраткан. Мындай чечим спорт дүйнөсүндө талкууга жем таштады. Бири саясий чечим десе, экинчиси адилеттүү кадам болгонун билдиришкен. Ошондой эле оор атлетчилерин да допинг колдонду деп айыптап, жарыштан четке чыгарылды.

Ал эми россиялык суучулдардын 7 спортчусу да жолдомодон ажыратылган. Алардын тизмесинде Михаил Довгалюк, Юлия Ефимова, Анастасия Крапивина, Никита Лобинцев, Наталья Ловцова, Владимир Морозов жана Дарья Устинова бар. Ал эми спорттун байдарка жана каноэ түрүнөн 5 калакчы Олимпиада оюндарына катышуу укугунан ажыратылган.  

Тизмеде Елена Анюшина, Александр Дьяченко, Андрей Крайтор, Алексей Коровашков жана Наталья Подольская бар.

Маалым кыла кетсек, Олимпиада оюндарынын ачылыш саамалыгы 5-августа өтөт. Мелдешке 207 мамлекеттин 10 миңден ашык спортчусу катышат.