Жаңылыктар
Орусиядагы көк бөрү беттешинде Москванын көк бөрүчүлөрү баш байгени илип кетти
Спорт
Орусиядагы көк бөрү беттешинде Москванын көк бөрүчүлөрү баш байгени илип кетти

13-июнда Орусиянын Сергиев Пасад шаарынын Благовещенск талаасында өткөн эл аралык көк бөрү беттешинде Москванын көк бөрүчүлөрү баш байгени илип кетти. Экинчи орунга Иркутск шаарынын командасы ээ болду. 

Кыргызстандан “Атуул” командасы үчүнчү, ал эми Подольсктун көк бөрүчүлөрү төртүнчү орунду алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы билдирди. Көк бөрүнүн маанисин эл аралык аренада көрсөтүп берүү үчүн Орусиянын Москва, Иркутск жана Подольск шаарларындагы командалардын ар бирине кыргызстандык экиден көк бөрүчү кошулуп ойноду. 

Бул иш-чара спортту өнүктүрүү максатын көздөйт. Турнир жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы кубок үчүн уюштурулган. Оюн Орусия жана Евразия элдеринин дене тарбия боюнча “Орус дүйнөсү” деп аталган бешинчи фестивалынын алкагында өткөрүлдү.