Жаңылыктар
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери уурулукка шектүүлөрдү кармады
Кылмыш
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери уурулукка шектүүлөрдү кармады

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери уурулукка шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 21-февралда Жайыл райондук милиция бөлүмүнө Новониколаевка айылынын 54 жаштагы тургуну арызы менен кайрылып, 20-февралдан 21-февралга караган түнү жалпы баасы 70 миң сомду түзгөн 2 баш бодо малын уурдап кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. 

Ошондой эле 23-майда райондук милицияга Алексеевка айылынын жашоочусу кайрылып, 7-майдан 8-майга караган түнү жана 21-майдан 22-майга караган түнү сарайынан 2 музоосун уурдап кеткендерге чара көрүп берүүнү суранган. 

Аталган факты Жайыл райондук ИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жаза кодексинин “Уурдоо” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Чүй облустук жана Жайыл райондук милиция кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 23 жаштагы жана 21 жаштагы жарандар кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Азыркы учурда кармалгандардын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жогу такталууда. Сотко чейинки өндүрүш уланып жатат.