Жаңылыктар
Шайлоо: документ кабыл алуу мөөнөтү аяктады
Шайлоо 2023
Шайлоо: документ кабыл алуу мөөнөтү аяктады

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын документтерин кабыл алуу мөөнөтү аяктады. Аталган шаарлардын аймактык шайлоо комиссияларынын 14-июндагы маалыматына ылайык, Бишкек шаардык кеңешине 17 партия, Ошко тогуз, Токмок шаардык кеңешине алты партия арыз берди. 

Эми бул партиялар талапкерлеринин тизмесин 20-июнга чейин бериши керек. Үгүт иштери 20-июндан 10-июлга чейин өтөт. Быйыл 11-апрелде Кыргызстандын бир катар шаардык жана жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс чырынан улам Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.