Жаңылыктар
Депутат Төрөбай Зулпукаров жасалма диплом колдонуп жүргөн, - УКМК
Саясат
Депутат Төрөбай Зулпукаров жасалма диплом колдонуп жүргөн, - УКМК

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров жасалма дипломду колдонгон факты аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, мурдагы вице-спикер, Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан жасалма диплом колдонгон факты аныкталган. 

Кийин такталгандай, Зулпукаров 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон. Кийин, Зулпукаров Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилди деген жасалма дипломду колдонуп, Ош мамлекеттик университетине тапшырып, активдүү саясий ишмердүүлүктү жүргөн мезгилинде экинчи жогорку билимге ээ болгон. 

Улуттук университеттен алынган жоопко ылайык, депутат окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон. Ага берилди деп көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга тиешелүү болгон.Тергөө иштери уланып жатат.