Жаңылыктар
Эгемендүүлүк алганыбызга чейрек кылым болду
Кыргызстан жаңылыктары
Эгемендүүлүк алганыбызга чейрек кылым болду

Быйыл Кыргызстан Эгемендүүлүк алып, өз  алдынча туу көтөргөнүнө чейрек кылым болду. 25-жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган илимий конференциялар, симпозиумдар өтүп, жыл башында Кувейт, Түркияда кыргыз маданиятынын күндөрү белгиленди. Борбордогу “Ала-Тоо” аянты оңдоп түзөөдөн өтүп, Эмен багына белгилүү инсандардын эстеликтери коюулууда. 

31-август күнү майрам аскерлердин жана эмгекчилердин парады менен башталып, кыргыз эстрада жылдыздарынын гала-концерти менен аяктайт. Бул иш-чарага бир катар мамлекеттердин башчыларынын келиши да күтүлүүдө.